Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча мурда Бишкек ШИИБ тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында терс негиздер боюнча кызматтан убактылуу четтетилген Свердлов РИИБдин мурдагы тергөөчүсү акча алгандан кийин кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Милициянын улук лейтенантына карата пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мурдагы тергөөчү, милициянын улук лейтенанты жеке кызыкчылыгын көздөп, баюу максатында жаранга кылмыш ишин тергеп жатканын айтып, анын алкагында кылмыш жоопкерчиликке тартам деп коркуткандыгы аныкталган. Бул маселени оң жагына чечүү үчүн 2500 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган. Акчанын 165 миң сому электрондук капчыгына которулгандан кийин кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.
Буга чейин ага Кылмыш-жаза кодексинин 209, 379 жана 337-беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, ал ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чоң-Арык айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат 15:24тө Ленин райондук №28 өрт-куткаруу...
Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Чолпон-Ата шаарындагы №44 мекеменин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Министрлер кабинетине караштуу...
Панфилов сейил багындагы окуя боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 31-март күнү Биринчи Май районунун аймагында жайгашкан...
31-март күнү Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак айылындагы Актам жайлоосунда Андарак айылынын тургуну мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен...
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте үч киши бирөөнү сабап, бычактаган видео тараган. Окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти. 31-март күнү...