Жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси Өзгөн мэриясынын балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөнүн аныктаган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Өзгөн шаарынын мурдагы мэри тарабынан мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы боюнча иш козголду. Ошол эле учурда соттук териштирүүдө Ош облустук соту 1,08 гектар жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча чечим чыгарды.
Учурда аталган жер тилкеси Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.
Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору жана курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жергиликтүү өз алдынча...
ИИМдин кызматкерлеринин жана чет өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Түркияда, Италияда жана Арменияда Интерпол линиясы боюнча эл...
“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда,...
Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Султан Кермалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жол кырсыгына кабылганын айтып, кырсыктын видеосун жарыялады. Ал башкаларды жогорку...
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өздүк курамга кечки нускама...