“Манас” аэропортунда жардыруучу зат бар» деген жалган маалымат берген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук РИИБге “Манас” аэропортунда жардыруучу зат бар» деген маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, 259-берене менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1975-жылы туулган аял кармалып, Сокулук РИИБге жеткирилген.
«Тергөөнүн жыйынтыгы менен топтолгон далилдердин негизинде кылмыш иши тергелип бүтүп, айыптоо корутундусун бекитүү жана райондук соттун кароосуна өткөрүү үчүн Сокулук районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.