Шаршемби, 09.07.2025
Бишкек booked.net
+20...+34° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Илгертен бери салтыбызда деле энелерибиз, эже-карындаштарыбыз эч качан паранжа кийген эмес»

18:37 05.04.2025
0
Садыр Жапаров: «Илгертен бери салтыбызда деле энелерибиз, эже-карындаштарыбыз эч качан паранжа кийген эмес»

Кыргызстанда жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган. “Кабар” агенттигине бул боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин айтты.

— Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлеринин хиджабчан айымдарды токтотуп эскертүү берип жаткан видеосу талкууга түштү. Анда никаб жана паранжа менен жүргөндөргө айып пул салуу каралганын айтып жатканын көрүүгө болот. Негизи эле бул маселеде жарандардын дагы, укук коргоо орган кызматкерлердин дагы аракеттери кандай болушу керек?

— Жакында дин тармагын иретке салган мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзамда дин тутунгандар боюнча бардык укук муфтият менен Аалымдар кеңешине берилген. Бийлик дин тармагына кийлигише албайт. Кийлигишпейбиз дагы. Ошондуктан муфтият кандай фатва чыгарса, ал фатва бүткүл өлкө боюнча аткарылышы керек. Муфтият жөндөн-жөн эле оюна келген фатваны чыгара бербейт. Дин боюнча илимге, куранга, хадистерге таянат.

Ал эми сиздин хиджаб, никаб, паранжа боюнча сурооңузга төмөндөгүдөй комментарий берейин.

Хиджаб деген сөз биздин тилде жоолук деген эле сөз. Арабча хиджаб деп аталат. Биз жоолук деп эле атайлычы. Хиджаб десе эле чочугандар бар. Жоолук бул атам замандан бери эле биздин энелерибиз, эже-карындаштарыбыз салынып келген баш кийим. Буга эч ким каршы эмес. Жоолукту ким кандай салынат ал өзүнүн иши. Оронуп алабы, чулганып алабы жүзү ачык болсо болду.

Ал эми никаб деген көзү гана ачык болгон баш кийим. Паранжа дегенди өзүңөр жакшы билесиңер жүзүн толук жаап жүргөн баш кийим. Экөө тең бизге муфтият тарабынан тыюу салынган. Ошол үчүн муфтияттын фатвасын биздин жарандар милдеттүү түрдө аткарышы керек. Биздин илгертен берки салтыбызда деле энелерибиз, эже-карындаштарыбыз эч качан паранжа кийген эмес. Ошондуктан жөн эле экилене бериштин кереги жок.

Ал эми күч органдарына айтарым «Бөрк ал десе, баш алмай» саясат болбош керек. Жүзү ачык, бирок жоолукчан жүргөндөргө таптакыр жолобогула. Мейли жоолукту оронуп салынабы же апалар салынгандай ээктен байлап салынабы ар кимдин өз иши. Илгери деле ар ким ар кандай салынчу. Бул ар кимдин өз укугу. Болгону жүзү ачык болсо болду.

Ал эми жанагындай жүзүн такыр эле таанылгыс кылып бекитип жаап алган никаб менен паранжа дегенге каршы туралы. Бул коомдук коопсуздукту сактоо үчүн маанилүү маселе.

Бул бийликтин саясаты эмес, бул муфтияттын Кыргызстан мусулмандарына чийип берген эрежеси, мыйзамы. Биз ошол мыйзамдын аткарылышына бийлик кайдыгер карап олтура бербей жардам беришибиз керек. Негизи эле кайсы гана маселе болбосун муфтияттын чыгарган фатвасынын аткарылышын камсыз кылганга жардам беришибиз керек.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:07 29.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Чолпон-Ата шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Тараптар эки тараптуу жана көп...

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Автор Эдита Ильясова
17:41 04.06.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Автор Эдита Ильясова
10:11 04.06.2025
1

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Автор Эдита Ильясова
10:00 04.06.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген...

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Автор Эдита Ильясова
09:53 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Чүйдө жол кырсык катталып, скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетти» деген видео тарады

"Чүйдө жол кырсык катталып, скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетти" деген видео тарады

11:55 08.07.2025
«Лента тагып койгула». Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэрине унаа белек кылмай болду

"Лента тагып койгула". Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэрине унаа белек кылмай болду

16:11 08.07.2025
Ош шаарында кыз менен жигит дарыяга агып каза болушту

Ош шаарында кыз менен жигит дарыяга агып каза болушту

13:57 08.07.2025
«Зыңк болот». Балыкчынын мэри Петр Семенов-Тянь-Шанскийдин эстелиги боюнча маалымат берди

"Зыңк болот". Балыкчынын мэри Петр Семенов-Тянь-Шанскийдин эстелиги боюнча маалымат берди

10:48 09.07.2025
Көл жээкте телефон кубаттап иштеген айымдын видеосу тарады

Көл жээкте телефон кубаттап иштеген айымдын видеосу тарады

10:34 09.07.2025
Кыргыз улуттук университетинен 2710 студент окуудан чыгарылды

Кыргыз улуттук университетинен 2710 студент окуудан чыгарылды

10:21 09.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү