Сузак районундагы Чокмор айылында Эне жана баланы коргоо борбору ачылды. Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Маалыматка караганда, имарат 570 миллион сомго салынган.
«Мурда биздин чиновниктер, жеке ишкерлер Кыргызстандан тапкан акчасын чет өлкөлөргө чыгарып кетишип, ошол жактан бизнес ачышып, үй салып, азыр деле Кыргызстанга келе албай жүргөндөрдү билебиз. Ташиевдердин үй-бүлөсү өзүлөрүнүн мунай базасын сатып, акчасына ушул төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берип жатышат»,- деди өлкө башчысы.