Баткендеги жол кырсыктан 2 адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ИИМдин Баткен облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 17-майга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 348-чакырымында 1993-жылы туулган айдоочу Шевроле Малибу унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай калып, жол четиндеги тосмону сүзгөн. Кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү каза болгон. Дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.
УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан, мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык, инфраструктуралык объектилерди жана жер участокторун мамлекетке...
31-июль күнү Вьетнамда Германияга 670 килограмм салмактагы “героин” баңги затынын аткезчилигин уюштурууга айыпталган эл аралык издөөдө жүргөн О.У. Д. кармалды....
Социалдык тармактарда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү авто унаа жолдогу башка айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө коопту абал жаратып, автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча...
Ленин РИИБдин кызматкерлери ИИМдин Бишкек шаары боюнча Кызматтык иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаранды...