Баткендеги жол кырсыктан 2 адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ИИМдин Баткен облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 17-майга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 348-чакырымында 1993-жылы туулган айдоочу Шевроле Малибу унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай калып, жол четиндеги тосмону сүзгөн. Кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү каза болгон. Дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.