31-майда Талас облусунда биринчи Эл аралык “Манас Деми 2025” жарым марафону өттү. Иш-чаранын ачылышына Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев сөз сүйлөп, Талас облусунда мындай эл аралык денгээлдеги биринчи жарым марафон экенин белгиледи. Белгилей кетсек, марафон Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн жана алтын өндүрүүчү “Альянс Алтын” компаниясынын демөөрчүлүгү алдында уюштурулган.
Үмүт Үмөталиева, ырчы: «Бааларды арзан кыласың деп башка соодагерлер нааразы болушту»
Жалал-Абад шаарында “Үмүт" соода борборунун 30-филиалы ачылды. Ал жерден жаңы төрөлгөн балдар үчүн кийим-кечелерди таба аласыздар. Баасы өтө ыңгайлуу жанан...