Депутат Айгүл Айдарова бир мугалим босогодо туруп алып эки класска сабак берерин айтып ачууланды. Кеп Баткендеги Жаңы-Бак, Миң-Өрүк айылдарындагы мектептер тууралуу болууда.
Ал элеттердеги мектептерде көңүл бурулбай жатканын белгилеп, маселени чечип берүү үчүн агартуу министрине кайрылды. “Мен барып көрүп XVII кылымды элестеттим, бул уят нерсе! XXI кылымда жашайбыз, мектептерибиз заманбап болушу керек. Европанын мыйзамдарын кабыл алабыз, бирок XIX кылымда жашагандайбыз. Бир мугалим босогодо туруп эки жакка сабак берүү деген — шермендечилик! Мектептер жапыз, менин боюм 170 сантиметр. Эңкейип кирип жаттым, мындайча айтканда, кечирим сурайм, тооккана экен”, — деди депутат.
Эртең, 1-августта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ош,...
1-августтан 4-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү...
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейддик кыдыруусунда Касымбеков көчөсүн бойлой аккан “Жекелик” каналынын корук аймагына жана жашыл аймак курулуп...