Азербайжанда буга чейин коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө үлгүрбөгөн тургундар Ахмедлы айылындагы эмдөө пункттарынын бирине кол салышты. Окуянын видеосу ЖМКларда жарыяланды.
Видеодон ачууланган адамдын клиниканын айнек эшигин талкалап кеткени көрүнүп турат. Андан кийин ал сынган эшиктен кирип, эшикти ачып, эмдөөдөн өтүүнү каалаган элди эмдөө бөлмөсү тарапка бастырды. Ал жерде бейтаптар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү талап кылышкан.
Буга окшош окуялар Азербайжанда коронавирустун жайылышына байланыштуу чектөө чаралардын күчөшүнүн натыйжасында пайда болгон. Республиканын ыкчам штабы 1-сентябрдан тарта бардык коомдук тамактануу жайлары эмдөөнүн жок дегенде бир баскычынын сертификаты жок адамдарды киргизберин жар салды.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...