Биз бул ирет дагы бир кызыктуу каармандын жумушун көрсөтөлү дедик. Бул жолку каарманыбыз — сулуу, назик, 4 баланын апасы Наргиза Төлөбаева. Ал каардуу, сүрдүү, көпчүлүк учурда мырзаларга мүнөздүү болгон “Мерседес Гелендваген” үлгүсүндөгү унааны чимирилте айдап, алтургай анын жардамы менен акча таап, балдарын багат. “Балдарым “апабыз Гелик айдайт деп сыймыктанышат” деген анын маегин видеодон көрүңүз.
Мончодо жашаган эже-сиңдинин баяны. “11 балабыз менен көчөдө калганы жатабыз”
Чынара Өмүрбек кызы 35 жашта. Каарманыбыз өзүнүн балдары, эжеси жана анын балдары болуп Бишкектеги чыгыш автобекетинин айланасында эски мончону үй...