Биз бул ирет дагы бир кызыктуу каармандын жумушун көрсөтөлү дедик. Бул жолку каарманыбыз — сулуу, назик, 4 баланын апасы Наргиза Төлөбаева. Ал каардуу, сүрдүү, көпчүлүк учурда мырзаларга мүнөздүү болгон “Мерседес Гелендваген” үлгүсүндөгү унааны чимирилте айдап, алтургай анын жардамы менен акча таап, балдарын багат. “Балдарым “апабыз Гелик айдайт деп сыймыктанышат” деген анын маегин видеодон көрүңүз.
“Атам бизди зордуктап, камалып, апам энелик укуктан ажыратылган” | Тагдыр
22 жаштагы Зарина Керимкулова бала кезинде атасы тарабынан зордукталып, мындан улам атасы камалып, ата-энеси энелик укуктан ажыратылганын айтат. Ошентип каарманыбыз...









