«Кадр тандоодо өтө кылдат мамиле кылууңузду баса белгилегим келет. Азыркы күндө сизди жандап, резюме көтөрүп, кошомат кылган ар бир адамга өтө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырамын. Буга чейинки башчыларды сазга батыргандар, азыр дагы сиздин жаныңызда айланчыктап жүргөндүгүн коомчулук сөз кылууда. Ооба, мен сиздин жүргүзүп жаткан саясатыңыз менен реформаларыңызды колдойм, бирок айрым саясий маселелерде сиз менен көз карашым туура келбей тургандыгын жакшы билесиз. Эгерде сиз жаза басып, катачылык кетирсеңиз, бул трибунадан ачык сынга ала тургандыгымды баса белгилейм», — деди депутат.
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Чолпон-Ата шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Тараптар эки тараптуу жана көп...