“Айыл Банк” ААКсынан акция! Ислам принциптери боюнча каржылоо алуу оңой жана жөнөкөй

«Айыл Банк» ААКсы ислам принциптери боюнча каржылоону эң ыңгайлуу шарттарда камсыздайт. 2024-жылдын 1-майына чейин банк төмөндөтүлгөн кошумча баа менен каржылоону ишке ашырат.

ИПОТЕКАЛЫК КАРЖЫЛОО: Сиз үйдү гана эмес, коммерциялык кыймылсыз мүлктү да жеңилдетилген шарттарда сатып ала аласыз. Ипотеканы сом жана АКШ доллары менен мөөнөтү 120 айга чейин алууга болот. Баштапкы төлөм сатылып алынып жаткан мүлктүн баасынын 30%нан жогору болушу керек. Баштапкы төлөм жок же 30%дан кем болсо, күрөөгө кошумча кыймылсыз мүлк талап кылынат.

АВТОКАРЖЫЛОО: каржылоонун мөөнөтү 60 айга чейин. Каржылоо сом жана АКШ доллары менен берилет. Баштапкы төлөм сатылып алынып жаткан автоунаанын баасынын 35%дан жогору болушу керек жана күрөөгө сатылып алынып жаткан автоунаа алынат. Баштапкы төлөм жок же 35%дан кем болсо, күрөөгө кошумча кыймылсыз мүлк талап кылынат.

БИЗНЕС КАРЖЫЛОО: Каржылоонун бул түрү соода-ортомчулук операциялары, өндүрүш, кайра иштетүү, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, туризм, мал сатуу-сатып алуу, айыл чарба азык-түлүгүн даярдап, сатуу, мал-жандыкты жана канаттууларды семиртип багып, аларды сатуу, башка коммерциялык иш багыттарга каралган. Каржылоонун мөөнөтү — жүгүртүү каражаттарды толуктоого 36 айга чейин, инвестицияга 60 айга чейин. Каржылоо сом, АКШ доллары жана орус рублинде жүргүзүлөт.

КЕРЕКТӨӨЛӨРДҮ КАРЖЫЛОО: Жеке муктаждыктарды канааттандыруу үчүн жана башка керектөө максаттарына каралган каржылоо болуп саналат. Каржылоонун суммасы 300 000 сомго чейин 36 айга чейин, 300 000 сомдон өйдө 60 айга чейин берилет. Суммасы 150 000 сомго чейин күрөөсүз, 300 000 сомго чейин кепилдик же кыймылдуу мүлк жана 300 000 сомдон жогору кыймылсыз мүлк күрөөгө коюлат.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАРЖЫЛОО: бул каржылоону банктын талаптарына жооп берген бардык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү ала алат. Каржылоо өсүмдүк өстүрүүгө, мал чарбасына жана айыл чарбасы менен байланыштуу башка ишкердикке берилет. Каржылоонун мөөнөтү — жүгүртүү каражаттарды толуктоого 36 айга чейин, инвестицияга 60 айга чейин. Каржылоо сом менен жүргүзүлөт.

Толук маалымат алуу үчүн 5511 кыска номерине кайрылсаңыз болот.