Шейшемби, 28.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР БИЗНЕС-ИНФО

Нымдуу тема. Жижиң (заара кармай албоо) тууралуу 7 «уяттуу» маселе

14:40 17.10.2023
0
Нымдуу тема. Жижиң (заара кармай албоо) тууралуу 7 «уяттуу» маселе

Жижиң (заара кармай албоо/инконтиненция) – Бул оорулуу адам көзөмөлдөй албаган аргасыз сийдик чыгаруу. Оору өлүмгө алып келбейт жана ден соолукка таасир этпейт, бирок жашоо сапатын олуттуу түрдө төмөндөтөт. Ыңгайсыз абалга түшүп калуудан чочулап, адам акырындап саякаттан, интимдик жашоодон, театрга баруудан жана спорт менен машыгуудан баш тартып баштайт. Элден безип жалгыз өмүр сүрүү, башкалардын сөз кылуусу, мурда кубаныч тартуулаган нерселерден баш тартуу – мунун баары акырындан өзүн кем сезүү жана депрессияга алып келиши мүмкүн. Жижиң симптомдоруна жараша 3 типке бөлүнөт:

  • Стресс абалында заара кармай албоо: интраабдоминалдык басым жогорулаган кезде пайда болот. Бул спорт менен машыгууда, оор жүк көтөргөндө, жыныстык катнашта, чүчкүргөн, жөтөлгөн жана каткырып күлгөн учурда болуусу мүмкүн.
  • Ургенттик заара кармай албоо: ар дайым эле өз убагында көңүл буруу мүмкүн болбогон, чыдамсыздык менен заара чыгаруу каалоосунун пайда болуусу менен мүнөздөлөт.
  • Жижиңдин аралаш формасы: инконтиненциянын биринчи жана экинчи формасынын белгилерин бириктирген түрү. 

Заара кармай албоо улгайган кишилерде гана болобу?

Заара кармай албоо ар кандай куракта болуусу мүмкүн — кичинекей балдардан тарта пенсия курагындагы адамдарга чейин. Бирок инконтиненцияга көпчүлүк учурда улгайган курактагылар көбүрөөк кабылышат – бул организмдин жаш куракка жараша анатомиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу.

Заара кармай албоонун негизги себептери:

  • Оор, травмалуу төрөт;
  • Ашыкча салмак;
  • Гинекологиялык операциялар (мисалы, киста же шишик);
  • Климакска байланыштуу гормоналдык өзгөрүүлөр;
  • Гиперактивдүү табарсык (табарсык катуу толбой туруп, заара катуу кыстайт, дааратканага баргандан кийин да табарсык толук бошобогондой сезим калат);
  • Жамбаш органдарынын өнөкөт сезгенүү ооруулары (цистит же аягына чейин дарыланбаган грибоктук инфекциялар табарсыктын дубалчаларын дүүлүктүрүүсү мүмкүн, ал өз кезегинде дааратканага башаламан улам чуркатат);
  • Ашыкча күчүркөнүүнүн натыйжасы (белдин төмөн жагындагы жана жамбаш булчуңдарына өнөкөт күч келтирилген учурда табарсыкты жөлөп туруучу жамбаш астындагы булчуңдар алсырайт);
  • Кээ бир дарыларды ичүү.

Жижиң (заара кармай албоо) – сейрек ооруубу?

Дүйнөдө ар бир 4-аял жана 8-эркек өмүрүнүн ар кандай бөлүгүндө заара кармай албоо белгилерин байкашат.

Мисалы, Орусияда бул илдеттен аялдардын 38,6 пайызы жабыркайт. Алардын 4 пайызы гана врачка кайрылышат, калгандары муну дарылоо зарыл болбогон «закон ченемдүү» көрүнүш катары көрүшөт. Чет өлкөдө бул илдетти дарылоо үчүн оорулуу аялдардын 9-47 пайызы медиктерге кайрылышат жана ооруканага келүүдөн тартынышпайт. 

Жижиңдин (илдеттин) алдын алууга болобу?

Заараны кармай албоонун профилактикасы төмөнкүлөрдү ичине камтыйт:

  • Жамбаш сөөк булчуңдарын бекемдөөчү үзгүлтүксүз физикалык көнүгүүлөр;
  • Тамактанууну көзөмөлдөө (рациондогу тузду азайтуу, уксустан жана салмак алдыруучу азыктардан баш тартуу, жетиштүү өлчөмдө суу ичүү);
  • Активдүү жашоо образы (сууда сүзүү, машыгуучу жана чуркоочу жол шаймандарын колдонуу);
  • Кегель көнүгүүлөр (перинеалдык булчуңдарды бекемдөө жана машыктыруу). 

Кантип айыгууга болот?

Дарылоо илдеттин себептери так аныкталгандан кийин гана жүргүзүлүшү керек. Аны врач-уролог аныктап, дарылоо кеңешин бере алат.

Мындан сырткары төмөнкүлөр да жардам берет:

  • Табарсыкты машыктыруу. Заара чыгаруу планын түзүү жана аны аткаруу. Дааратканага баруу интервалын улам узартып туруу керек.
  • Жамбаш астын бекемдөө үчүн көнүгүүлөр. Ал белгилүү бир убакыт аралыгында булчуңдарды кезек менен чыңалтып, кайра эс алдырууну ичине камтыйт.
  • Физиотерапия. Бул жамбаш сөөгүндөгү кан айлануунун жакшыруусунан улам байламталарды жана булчуңдарды бекемдейт жана чоюлчаак болуусуна шарт түзөт.
  • Медикаменттердин жардамы менен дарылоо. Керектүү дарыны инконтиненциянын тибине, белгилерине жана кошумча дарттарына жараша врач дайындайт. 

Бул илдет менен кантип жашоого болот?

Инконтиненциядагы эң маанилүү эреже – жеке гигиенаны сактоо. Мында урологиялык төшөмөлөр (жөнөкөй төшөмөлөр ашыры нымдуулуктун көлөмүнө туруштук бере албайт) жана кийме жалаяктар жардам бере алат.

Ошондой эле теринин абалын көзөмөлдөө зарыл. Жижиң менен жабыркаган адамдардын териси зыянкечтерге жана бактериялардын агрессивдүү таасирине сезимтал болушат. Сезгенүү жана кургап кетүүнүн алдын алуу үчүн сезимтал терилерге кам көрүүчү жана коргоочу каражаттарды колдонуу керек. Аларды дарыканадан сатып алууга болот.

Заара кармай албаган учурда кайсыл гигиена каражаттары жардам берет? 

Seni (Сени) соода маркасы инконтиненциянын ар кандай деңгээлдеги түрү менен жабыркаган улуулар үчүн кам көрүүчү косметикалык жана гигиеналык каражаттардын кеңири ассортиментин сунуштайт.

Бул бренддин тарыхы 1997-жылдан Seni маркасы астында төшөктө жаткан бейтаптарга арналган сиңирүү касиети жогору буюмдар сунушталгандан  башталат.

Бүгүнкү күндө Seni  соода маркасы астында аялдар үчүн урологиялык төшөмөлөр, эркектер үчүн төшөмөлөр, чоңдор үчүн кийме жалаяктар жана бир жолу колдонулуучу сиңирүүчү ич кийимдер, гигиеналык ороо жалаяктар, ошондой эле атайы косметика жана териге аяр кам көрүү үчүн буюмдар чыгарылат.

https://www.instagram.com/seni_kg/

https://seni.tradegof.kg/

Seni.tradegof.kg

WhatsApp: +996770970270

 

1 / 7
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Бишкек шаарынын 148 жылдыгына арналган майрамга 5000ден ашуун адам Royal Central Park’та катышты

Бишкек шаарынын 148 жылдыгына арналган майрамга 5000ден ашуун адам Royal Central Park’та катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:15 27.04.2026
0

Бишкек шаарынын 148 жылдыгына карата 5 000ден ашуун конок Royal Central Park – Hippodrome аймагына чогулуп, шаар үчүн маанилүү болгон...

Бишкектин 148 жылдыгына арналган фейерверк жана музыка майрамы: шаардык жашоонун жаңы стандартынын белгиси

Бишкектин 148 жылдыгына арналган фейерверк жана музыка майрамы: шаардык жашоонун жаңы стандартынын белгиси

Автор Эдита Ильясова
14:58 17.04.2026
0

Бишкек шаарынын негизделгенине 148 жыл толгондугуна карата, 2026-жылдын 25-апрелинде Royal Central Park аймагында Фейерверк жана музыка майрамы расмий түрдө өтөт....

lalafo — One Magazine Awards 2025 версиясы боюнча жылдын мыкты маркетплейси!

lalafo — One Magazine Awards 2025 версиясы боюнча жылдын мыкты маркетплейси!

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:35 14.04.2026
0

Кыргызстандын эң популярдуу жарыялар платформасы lalafo «Жылдын маркетплейси» номинациясында кадыр-барктуу One Magazine Awards 2025 сыйлыгына татыды. Ай сайын lalafo 3,5...

«Ар күнү келгибиз келет!» MBANK балдардын кыялын ойготкон финансы сабактарын өткөрдү

«Ар күнү келгибиз келет!» MBANK балдардын кыялын ойготкон финансы сабактарын өткөрдү

Автор Эдита Ильясова
13:13 09.04.2026
0

Кыргызстанда балдардын акчага болгон көз карашы кескин өзгөрүп жатат. Ал эми бул жөн эле сабак эмес, кыялдарды ойготкон, келечекти өзгөрткөн...

Royal Central Park үчүн ипотекалык кредит программасын Компаньон банк жана RCA Living ишке киргизет

Royal Central Park үчүн ипотекалык кредит программасын Компаньон банк жана RCA Living ишке киргизет

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:00 07.04.2026
0

Бишкек, 4-апрель 2026-жыл – Компаньон Банк жана RCA Living компаниясы Royal Central Park шаардык комплексиндеги турак жай сатып алуучулар үчүн...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

1
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

15:07 28.04.2026
Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

10:15 28.04.2026
Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

09:45 28.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү