«Жылкыны өлтүргөн бир тамчы никотин» жөнүндөгү фактылар жана уламыштар

«Бир тамчы никотин жылкыны өлтүрөт» деген кеп бери дегенде 150 жылдан бери белгилүү. Биринчи мыскылдуу жооп ошол эле учурда пайда болгон: «Бирок аттар тамеки чегишпейт жана медициналык маалымдамаларды окушпайт». Экинчиси биздин мезгилге таандык: «Никотиндин бир тамчысы жылкыны өлтүрөт, бир чыны кофе клавиатураны өлтүрөт».

Адамдар тамекини алып, күйгүзгүчтү басат, түтүн менен дем алат. Түтүн менен бирге анын өпкөсүнө 7360 химиялык кошулма кирет, анын ичинде чайыр, көмүр кычкылы жана башка коркунучтуу заттар бар. Бирок баарынан да көпчүлүктү коркуткан — бул никотин. Бул затты айтканда дароо эле атты өлтүргөн бир тамчы никотин эске келет. Дегеле популярдуу фразанын артында эмне турат, никотин денеге кандай таасир этет жана IQOS сыяктуу тамеки жылытуу системдери салттуу тамекиден кандай айырмаланарын төмөндөгү макаладан билели.

АЛГАЧКЫ ЭКСПЕРИМЕНТТЕР ЖАНА ЭКИ АТТЫН ӨЛҮМҮ

Биринчи жолу таза никотин 1828-жылы немис дарыгерлери Кристиан Вильгельм Поссель жана Карл Людвиг Рейман тарабынан бөлүнүп алынган. Ошол эле учурда алар жарыялаган макалада никотиндин ¼ тамчысы коёнду өлүмгө алып келери, ½дан 2 тамчыга чейин доза ит үчүн кооптуу экени айтылган. Бир жылдан кийин бул маалыматтар химия китептеринде пайда болгон. Француз изилдөөчүлөр кесиптештеринин жыйынтыктарын кайра текшерүүнү чечишкен. 1842-жылы химик Жан Августин Баррал Париждеги Илимдер академиясына никотин боюнча отчёт берген. Өз сөзүндө ал: «Орто бойлуу ит тилине 5 миллиграммдан аз никотин койсо үч мүнөткө жетпей өлөт», — деп белгиледи.

Жылкы жөнүндө кайсы жерде сөз болуп жатат анда? Бул маселеге ондогон жылдан кийин гана токтолгон. 1864-жылы немис дарыгери Август Кульман «Тамекинин организмге тийгизген таасири жөнүндө» диссертациясын жактаган. Анда окумуштуу мындай деп жазган: «Эгерде аттын мурдунун жана оозунун былжыр челине никотиндин бир нече тамчысын жеткирсеңиз, жаныбар дароо тынчсыздана баштайт, айлананы карап, качып кетүүгө аракет кылат, бирок кадам таштай албайт, дем алуу тездейт, кыйын болуп калат жана араң угулат, бир аз убакыттан кийин жаныбар титирей баштайт, денесин муздак тер каптап, титирөө менен коштолот, ат мүдүрүлө баштайт жана акыры жерге жыгылып түшөт, андан кийин өлөт».

Чейрек кылымдан кийин никотин менен болгон эксперименттерден жабыркаган экинчи ат пайда болду. 1889-жылы Париждин «Медицина бюллетени» ат үчүн өлүмгө алып келүүчү доза сегиз тамчы никотин деп көрсөткөн. Бул эксперимент тууралуу макала Франциянын медицина академиясынын ветеринардык врачы Камилла Леблан тарабынан жарыяланган.

Ошентип «Сегиз тамчы никотин жылкыны өлтүрөт» формуласы бир илимий иштен экинчи макалаларда айтыла баштады. Тамеки чегүүгө каршы үгүт үчүн «Тамчы никотин жылкыны өлтүрөт» деген өзгөртүлгөн формула колдонула баштады.

ЧЫНДЫГЫНДА ЖЫЛКЫ ҮЧҮН КАНЧА ДОЗА КЕРЕК?

1958-жылы Science эксперименттин жыйынтыктарын жарыялаган. Япониялык окумуштуулар ар кандай жаныбарлардын булчуңдарына никотин сайып, мүмкүн болгон максималдуу дозаны эсептешкен.

Изилдөөчүлөрдүн жыйынтыгындагы эсептөөлөр боюнча, жылкынын өлүмү үчүн никотиндин дозасы бир килограммга 8,8 миллиграммды түзөт, сыноолор учурунда аттар жабыркаган эмес. Эгер тамчы менен эсептесек, бир тамчы болжол менен 0,05 миллиграмм суюктукту камтыйт. Никотиндин тыгыздыгы дээрлик суунун тыгыздыгына барабар (1.01 грамм/куб) башкача айтканда, бир тамчынын салмагы болжол менен 0,05 граммга барабар болот. Аттын салмагы болжол менен 400 килограммды түзөт, башкача айтканда, аны өлтүрүш үчүн 70 тамчыдан кем эмес 3,5 грамм никотин керек болот.

НИКОТИН КАНДАЙ ИШТЕЙТ?

Томографияны колдонуу менен илимпоздор никотиндин кантип иштээрин аныкташты. Бул зат префронталдык кабыктын, таламустун жана гипоталамустун активдүүлүгүн жогорулатат — бул мээнин оперативдүүлүгүн көзөмөлдөгөн жооптуу жерлери. Ошол эле учурда никотин ацетилхолин рецепторлорун жана сылык системин иштетип, адреналин менен дофаминдин бөлүнүшүн шарттайт, алар сергектүүлүккө жана убактылуу кубанычка ээ болот.

Никотин өзү өпкө оорусуна жана залалдуу шишик дартына чалдыгуу коркунучун жогорулатпайт, бирок башка коркунучтуу химиялык заттарды камтыган тамекиге көз каранды кылат. Адам тамеки чеккенден кийин маанайы жакшырып баратканын сезет, бирок жарым сааттан кийин активдүүлүгү төмөндөйт. Мээ никотиндин жаңы бөлүгүн талап кыла баштайт, анткени бул зат адамдын денесинде өндүрүлбөйт.

Никотинге көз карандылыктан улам тамекини таштоо кыйын болот. Биринчи жолу тамекиден баш тарткандан кийин кыжырданып, ачууланып, баш ооруп, эс-тутум убактылуу бузулушу мүмкүн.

НИКОТИНДИ КОЛДОНУУДА ЗЫЯНЫН КАНТИП АЗАЙТУУ КЕРЕК?

1-вариант. Тамеки чегүүнү таштоо.

Тилекке каршы, тамеки чегүүнү таштоо көпчүлүк учурларда физикалык жактан да, психологиялык жактан да кыйын болот.

2-вариант. Тамекилерди колдонууга тыюу салуу.

Мисал катары тыюу салууну алсак, бул ыкма натыйжалуу болбой калышы мүмкүн. Тарыхый маалыматтарга караганда, бардык өлкөлөрдө (мисалы, 19-кылымда биринчи мыйзамдар Америка Кошмо Штаттарында киргизилген) алкоголдук ичимдиктерге толугу менен тыюу салуу үйдө жасалган ичимдиктен уулануудан өлүмдүн көбөйүшүнө алып келген.

3-вариант. Альтернативдүү жолуна өтүү.

Британиянын Улуттук Саламаттыкты сактоо жана Медициналык кызматтар институтунун (NICE) эксперттери төмөнкү тыянакка келишкен: «Оору менен өлүмгө биринчи кезекте никотин эмес, тамеки түтүнүндөгү уулуу заттар жана канцерогендер себеп болот».

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, тамекинин түтүнү өпкө рагынан каза болгондордун 90 пайызын жана бардык рак ооруларынын 30 пайызын түзөт.

Эгерде тамекини дароо таштоо өтө кыйын болсо, анда салттуу тамекиге зыяндуулугу азыраак альтернатива табуу маанилүү. Профессорлор Риккардо Полоса (Италия) жана Константинос Фарсалинос (Греция) тамекини 400 градустан төмөн температурада (кадимки тамекинин учунда температура 800 градуска чейин) ысытсаңыз, тамекинин түтүнүнүн ордуна аэрозоль алынарын далилдешкен. Тамеки жылытуу каражаттарынын иштөө принциби так күйүү процессин жок кылууга жана түтүндү аэрозоль менен алмаштырууга негизделген.

IQOS түтүнсүз каражаттарынын бир мисалы, анын ысытуучу элементинин температурасын 350 градусту түзөт. Бул стандарттуу тамекинин (3R4F) түтүнүнө салыштырмалуу зыяндуу заттардын кеңири көлөмүнүн орточо азайышы. Бирок коркунучту 95 пайызга азайтуу дегенди билдирбейт.

Бул каражат зыянсыз эмес жана никотинди камтыйт. Чылым чегүүнү улантууну же никотин камтыган продуктуларды колдонууну каалагандар 18 жаштан жогору адамдар үчүн гана колдонулат.

ШВЕД ЖАНА ЯПОН ТАЖРЫЙБАСЫ

Кыргызстандын тамеки тартуунун альтернативдүү түрлөрүнө өтүү мүмкүнчүлүгү дагы эле суроолорду жаратат. Расмий түрдө IQOS биздин рынокко ушул жылдын май айында гана келген, андыктан башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын талдап көрөлү.

Япония «Филип Моррис Интернэшнл» компаниясынын түтүнсүз каражатын колдонгон биринчи өлкө болгон. Күн чыгыш өлкөсүндө 2014-жылы IQOS сатуу башталгандан бери кадимки тамеки сатуу беш эсеге төмөндөдү. Акыркы сегиз жылдын ичинде тамеки сатуу 38 пайызга түшкөн.

Швеция 2000-жылга чейин тамеки чеккен калктын санын 20 пайызга төмөндөтүү боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун планын аткарган жалгыз Европа өлкө. Эгерде 1976-жылы швед эркектеринин 40 пайызы күн сайын тамеки чегишсе, 2002-жылы 15 пайызы, ал эми аялдарда бул көрсөткүч 34 пайыздан 20 пайызга чейин төмөндөгөн.

Катания университетинин профессору Рикардо Полоса ийгиликтин бири — снюстун (майдаланган ным тамеки) жайылышы деп эсептейт. Ал бул көрүнүш боюнча изилдөө жазган. «Швецияда тамекиден каза болгондордун деңгээли батыш өлкөлөрүндөгү эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири. Изилдөөлөр көртсөткөндөй, чылым чеккенге караганда снюсту колдонуунун ден соолукка зыяндуулугу азыраак».

Снюстун терс жагы бар: ал тиш оорусуна жана тиштин курт жешине алып келиши мүмкүн. Изилдөөгө ылайык, снюсту колдонуу панкреатиттин рагына чалдыгуу коркунучун жогорулатат. Мисалы, 100 миң кишиге тамеки колдонбогондордун арасында 3,3 учур, ал эми чылым чеккендер арасында 8,8 учурга чейин жетет.

Маанилүү болгон нерсе — никотинди колдонуунун таптакыр зыянсыз жолу жок. Болгону зыянды азайтуу мүмкүн. Илимпоздор болжолдошкондой, жакынкы он жылдыкта дүйнө жүзү боюнча адамдар салттуу тамекиден баш тартып, түтүнсүз варианттарды колдонушат.

Бул маалымат «Филип Моррис Интернэшнлдын» каржылык колдоосу менен даярдалды.