2022-жылы наристелүү болгон атактуулар (сүрөт)

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги 2022-жылы наристелүү болгон атактууларды тизмектеп чыкты.

1. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында актриса, тамашоучу, вайнер Динара Багышбаева көз жарды. Түгөйлөр кызынын атын Амира коюшту.

2. Июль айында «Апамды издеп-2» тасмасында Алиянын ролун жараткан актриса, фотомодель Адель Кадиева тун перзентин жарыкка алып келди.

3. Бул жылы Ырчы Гүлзаир Сагынова эне статусуна ээ болду. «Бир жума мурун менин дүйнөм толугу менен өзгөрдү. Мен эне болдум! Кандай сезимдер болуп жатканын сөз менен айтып бере албайм, аны баштан өткөрүү керек», — деген ырчы айым.

4. “Эки сулуу” деп таанылган Азада көз жарды. Алар “алгач кыз дешкен, уулубуз пранкер экен” дешкен эле.

5. Ырчы Лира Seven да эне статусуна ээ болду. «Кыргыз элинин эркетай кызы эми өзүнүн кичинекей кызын, эркесин эркелетип эле жатып калды!» — деп жазган ал. 

6. 19-май күнү кыргыз музыка сүйүүчүлөрүнүн арасында белгилүү чыгармаларды кавер түрүндө аткарып, көпчүлүккө белгилүү болгон Саадат Жыргалбекова көз жарган. «Мен бүгүн, 19-май күнү саат 15:30 чамасында көз жардым. Ымыркайымдын салмагы 3 килограмм 450 грамм, бою 52 сантиметр экен. Менин сезимдеримди эне болгондор гана түшүнөт. Атын атабыз коёт»,- деген ал. 

7. «Кыз-Бурак» тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы Азалия да эне статусуна ээ болду. Ырчы айым 9-май күнү Түркияда көз жарган.

8. Октябрь айында актриса Айсанат Эдигеева көз жарды. Куттуктоолорго караганда, жаш жубайлар 15-октябрда кыздуу болушкан. Түгөйлөр кызына Лилия деген ысым берген.

9. Бул жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова неберелүү болду. Тагыраагы уулу Эмил Ишен уулу менен келини, комузчу Айсаана Оморова уулдуу болушкан. “Келиним кечээ, 20-мартта борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. 25-мартта балдарым концерт коюшмак, ошого даярданып жүрүп эле төрөдү. Концертте келинимдин ордуна чыга турган башка адам жок болгондуктан, буюрса өзүм чыгам деп отурат”, — деген Гүлзат Байзакова.

10. 2022-жылы ырчы Акбар Сүйүнбаев төртүнчү ирет ата болду. «Кыргыз элинде дагы бир уул бала төрөлдү. Кубанычыбызда чек жок. 9 ай толгоо тартып, төртүнчү ирет ата статусуна ээ кылган жашоомдун жарымы, менин балдарымдын энесинин жана баламдын дени сак. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сендей назик, бирок күчтүү, сендей мээримдүү, бирок бекем жарга туш болгонума чексиз шүгүр кылам жана түбөлүккө жакшы көрөм. Урматтуу достор, сиздерден бата тилек күтөбүз жана кубанычыбызды тең бөлүшөбүз», — деп жазган ал.

11. Октябрда Данияр Эрматовдун жубайы Айсалкын Садыкова көз жарды. «Кызымдын төрөлгөнүнө 2 сааттай эле болду. Эне баланын ден соолугу жакшы. Дарыгерлер баары жакшы дешти. Кубанычымда чек жок. Абдан сүйүнүп жатам. Куттуктоолорду кабыл алып жатам», — деген редакция куттуктап байланышканда.

12. Тамашоучу, шоумен Санжар Мыкыев быйыл үчүнчү ирет ата болду. «Биз үчүнчү ирет ата-эне болдук. Кыздуу болдук. Алима, биздин үй-бүлөгө кош келдиң»,- деп жазган ал.

13. 31-майда актёр Рүстөм Аскенов экинчи ирет ата болду. «31-май күнү жубайым аман-эсен уулубузду жарыкка алып келди. Уулумду азырынча көрө элекмин. Уулдун да өзүнчө сүрү бар экен. Дагы деле толкунданып турам»,деген актёр.

14. Бул жылдын эсебинен ырчы, рэп аткаруучу Бегиш дагы бир кыздуу болду. Ырчы жубайы Толгонай экөө 2019-жылы баш кошушкан. Жаш түгөйлөрдүн тун кызынын аты Ева. 

15. 11-май күнү «Нон-Стоп» дуэтинин солисти, жеке ырчы Максат Садырбеков уулдуу болду. Максат Садырбеков менен жубайы модель, визажист Айсулуу Молдалиева буга чейин кыздуу болушкан.

16. Ырчы Мажит да үчүнчү ирет ата болду. Мажит менен жубайы буга чейин Айбийке аттуу кызды жана Исхак аттуу уулдуу тарбиялап келишкен.

17. Омар 14-ноябрда уулдуу болуп, ысымын Акжол деп коюшту. Омар менен келинчеги Диана 2017-жылы баш кошушкан. Алар буга чейин бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен.