Кыргыз музыка сүйүүчүлөрүнүн арасында белгилүү чыгармаларды кавер түрүндө аткарып, көпчүлүккө белгилүү болгон Саадат Жыргалбекова көз жарды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирди.
«Мен бүгүн, 19-май күнү саат 15:30 чамасында көз жардым. Ымыркайымдын салмагы 3 килограмм 450 грамм, бою 52 сантиметр экен. Менин сезимдеримди эне болгондор гана түшүнөт. Атын атабыз коёт. Төрөтканадан жакын арада чыгып калабыз деген ниеттемин», — деди ал.