2022-жылы үйлөнүп, турмушка чыккан атактуулар (сүрөт)

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги үстүбүздөгү 2022-жылы үйлөнүп, турмушка чыккан атактууларды тизмектеди.

1. Жолборс жылында ырчы Кызсайкал Кабылованын сүйүктүүсү Мирлан анын колун сурап, түгөйлөр турмуш жолуна аттанышты. Ал жигити менен 1-класстан бери тааныш жана эң жакын досу экенин айтып, бактысын алыстан издеп жүрсө, көрсө, жанында эле жүргөнүн билдирген. Кызсайкал Кабылованын сүйүктүүсү 31-октябрда ырчынын туулган күнүндө колун сураган. 

2. Блогер Дастан Махамадмурза 28-ноябрда сүйүктүүсү Хадича экөө баш кошуп, той өткөрүштү. «Келинчегим 2004-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында төрөлгөн. Той 28-ноябрда өттү. Менин оюмча мыкты өттү деп ойлойм», — деген ал. Тойдо түгөйлөр ата-энелерине умрага жолдомо беришти.

3. Экөөнүн таанышуусу жана сүйүүсү бир «лайктан» башталганын айтышкан Максат Надырбеков 15-ноябрда сүйүктүүсүнө баш кошту. «Таанышканыбызга 1,5 жыл болуп калды. Инстаграмдан таанышканбыз. Анан жолуктук. Башында 4-5 ай байке-карындаш болуп жүрдүк. Анан ушул чекке келдик. Негизи август айында үйлөнөбүз дегенбиз», — деген Надырбеков. 

4. «Рецепт счастья» киносундагы актёр, алып баруучу Ырысбай Жумаев да үйлөндү. Ал август айында сүйүктүүсүнүн колун сураган. Түгөйлөрдүн үлпөт тою 12-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде жакындарынын курчоосунда өттү.

5. Ырчы Адилет Азимов менен продюсери Зарина Кыдыралиеванын үлпөт тою Бишкектеги тойканалардын биринде 29-январда өттү. Атасы уулунун үйлөнүү тоюн 7 жыл күткөнүн айткан.

6. 20-июлда актёр, вайнер Улан Эсенакунов сүйүктүүсүнө баш кошту. “Жубайым Нуриза 2001-жылы туулган. Чаткалдын кызы. 5 ай сүйлөштүк, ошол учурда анын менин адамым экенин түшүндүм. Шаан-шөкөтү жок эле колун сурадым»,- деген ал.

7. 4-июнда тамашоучу, актёр, вайнер Шумкар Бейшеналиев үйлөндү. «Келинчегинин аты Камила. Чыгармачылыктан алыс адам», дешкен достору.

8. 21-августта “Акыркы сабак” сериалындагы Кутман Айылчиев менен Океана Урматбектин үйлөнүү тою өттү. Ырчылар Аваз Акимов менен жубайы Айдана Дека жаш түгөйлөргө өкүл ата, өкүл апа болгон.

9. 10-сентябрда Бишкектеги тойканаларын биринде блогерлер Медер Нуркадыров менен Нуриза Бектурованын үйлөнүү тою өттү.

10. Ырчы Мурадил Данияров 16-майда сүйүктүүсүнүн колун сурап, той өткөрдү. Ал туулган күнүндө ата болорун жар салды.

11. 26-августта Бишкектеги тойканалардын биринде ырчы Аяна Касымованын үлпөт тою өткөн. 31-март күнү 23 жашка толгон Аяна Касымова туулган күнүн белгилеп жатканда сүйүктүүсү колун сураган. 23-июнда анын кыз узатуу тою өткөн.

12. Май айында актёр Бектур Усенов менен сүйүктүүсү Айзат баш кошту. Эки жаштын үлпөт тою борбордогу тойканалардын биринде орун алып, ага жаштардын ата-эне, бир туугандары, жакындары жана чыгармачылыктагы кесиптештери чакырылган.

13. 3-август күнү Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде актриса Айгерим Саматованын кыз узатуу тою өттү. 18-июль күнү ырчы Мадияр Русланов сүйүктүүсү, актриса Айгерим Саматованын колун сураган. Ошол күнү актриса Мадияр мырза менен 6 жылдан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүн ачыктаган.

14. 11-июль күнү Бишкектеги тойканалардын биринде актёр, вайнер Нуркул Адылбеков менен актриса Мадалена Абдрахманованын үйлөнүү тою өттү. 1-июнь күнү Нуркул Адылбеков сүйүктүүсү Мадаленанын колун сураган. 8-июль күнү актёр Арнис Кыдырмышев менен жубайы, кесиптеши Альбина Имашова тун кызын турмушка узатышкан.

15. Жол кырсыгынан көз жумган Бекжан Темирхандын ушул жылдын октябрь айында үйлөнгөнү маалым болгон. Бирок ал үйлөнгөнүн жарыялаган эмес.