2023-жылы наристелүү болгон атактуулар

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги 2023-жылы наристелүү болгон атактууларды тизмектеп чыкты.

1. 7-январда ырчы KG Эльмураттын жубайы Жайнагүл Жолдошалиева көз жарган. «Бала кезден эле эки уул, эки кыздуу болсом, балдарым шериги менен болсо деп кыялданчумун. Кудайдын буйругу менен кыздуу болдум», — деген ал. Түгөйлөр буга чейин эки уул, бир кызды тарбиялап келишкен.

2. Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова 14-январда көз жарган. Ал 20-январда төрөтканадан чыккан. Түгөйлөр кызына Регина деген ысым коюшкан.

3. Быйылкы жылдын эсебинен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин келини, Тай-Мурас Ташиевдин жубайы, актриса, модель Эркеайым Абдуллаева кыздуу болду. Түгөйлөр 2018-жылы үйлөнүшкөн. Алар 2020-жылы Альмир аттуу уулдуу болушкан. Ал эми 2021-жылы кыздуу болушкан.

4. Ырчы Азалия экинчи наристесин АКШда жарыкка алып келди. Ал август айында уулдуу болду. Азалия эне статусуна 2022-жылдын жылдын 9-май күнү ээ болгон. Ал Түркияда көз жарган. Ушул жылдын март айында ал үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткенин айткан.

5. Ырчы Курал Чокоев март айында кыздуу болду. ”Кудайга чексиз шүгүр, кыздуу болдум. Кубанычым койнума батпай сиздер менен бөлүшүп жатам”, — деген ал. Түгөйлөр ага чейин Акылман аттуу кызын тарбиялап келишкен.

6. Актёр, режиссёр Сапар Сайназаров да март айында экинчи ирет ата болду. Жубайы кыз төрөгөн. Сапар Сайназаров менен анын жубайы Диана 2021-жылы тун кыздуу болушкан.

7. Ырчы Айпери Сыдыкова үчүнчү ирет апа болду. «31-мартта Ыйык Орозо айында, жума күнү үчүнчү наристебиз жарык дүйнөгө аман-эсен келди», — деп жазды ал. Ырчы айым менен анын жолдошу ага чейин бир кыз, бир уулдуу тарбиялап келишкен.

8. Актёр, вайнер Улан Эсенакунов апрель айында ата болду. ”Ыйык орозодо уулдуу болдум. Сүйүнүчтүү кабарымды бөлүшкүм келди. Уулубуздун ден соолугу чың, өмүрү узун, кыргызга пайдасы тийген уулдардан болсун”, деген ал.

9. Ырчы Төлөгөн Мамыров экинчи ирет ата болду. «Ыйык айда жараткан мага дагы бир ирет ата статусун ыйгарды. Уулдуу болдум куттуктасаңыздар болот»,  деген ал. 2021-жылы 1-декабрда ырчы алгач жолу ата болуп, колуна кызын алган. 

10. 17-июнь күнү актриса, блогер Мадалена Абдрахманова көз жарган.  «Мадалена тун кызын жарык дүйнөгө алып келди. Кубанычыбыз коюнубузга батпай, толкунданып турабыз», — деген таенеси. Актёрлор Нуркул Адылбеков менен Мадалена Абдрахманова 2022-жылы баш кошушкан.

11. Ырчы Мурадил Данияров кыздуу болду. Жубайы 19-апрелде көз жарган. «Кудайдын буйругу менен кыздуу болдум», — деген ал.  Ырчы мырза сүйүктүүсү Мээрим Аттокурова менен 2022-жылы 10-июнда баш кошушкан.

12. Ырчы Салидинас май айында көз жарды. “Жарыкка келишиң менен, уулум!” — деп жазды ал. «Асман» вокалдык сынагынын 2-сезонунун жеңүүчүсү Урмат Токомбаев менен Салидинас 2021-жылы баш кошушкан. 2022-жылы ноябрь айында Салидинас көпчүлүк күйөрмандарын кызыктырган суроого жооп берип, кош бойлуу экенин ачыктаган. Жаш түгөйлөр “гендер” пати уюштуруп, уул күтүп жатканын билишкен. Алар уулуна Саян деген ысым беришкен. 

13.  Актриса Айгерим Саматова 4-майда кыздуу болуп, 8-майда төрөтканадан чыккан. «Кызыбызды үйүбүзгө алып келип алдык. Маликам бизди тандаганың үчүн рахмат! Буйруса сага сонун ата-эне болобуз деп сөз берем! Сени жакшы көрөбүз, ар дайым колдойбуз. Дайыма сен тарапта болобуз, акыл-эстүү, ыймандуу кыз бол, садагам», — деп жазган ал. 18-июль күнү ырчы Мадияр Русланов сүйүктүүсү, актриса Айгерим Саматованын колун сураган. Ошол күнү актриса Мадияр мырза менен 6 жылдан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүн ачыктаган.

14. Актёр Бектур Усенов май айында ата болду. Алар буга чейин «гендер пати» уюштурушуп, кыздуу болорун билишкен. Бектур Усенов менен сүйүктүүсү Айзат Аскарбекова 2022-жылдын май айында баш кошушкан.

15. Коомчулукка актёр катары таанылган блогер, жеке ишкер Эрнис Айдаралиев уулдуу болду. «Уулум 10-июнда төрөлдү. 12-июнь күнү төрөтканадан үйүбүзгө чыгарып келип алдык. Уулумдун атын Ахмад деп койдук», — деп билдирген Эрнис Айдаралиев. Эрнис Айдаралиев 2020-жылы сүйүктүүсү Аделинага баш кошкон. Учурда жубайлар 1 уул, 1 кыздын ата-энеси болушту.

16. Популярдуу рэп ырчысы, «Расстояние», «Азиатская эстетика», «Ок, ок», «Летали» жана башка хит ырлардын автору Улукманапо биринчи жолу ата болду. Улукманапо деп таанылган Улукман Осмоналиев 2021-жылдын июль айында Азалия аттуу сүйүктүүсү менен баш кошкон.

17. Актёр Аскат Эрбаевдин жубайы Аида Турдубаева август айында көз жарды. Түгөйлөр кыздуу болушту.  Эрбаев менен жубайы буга чейин бир кыз, бир уулду тарбиялап жатышкан.

18. Бийчи Максат Токтоналиев декабрь айында уулдуу болду. Ага чейин жубайлар Датка Айым аттуу кызын тарбиялап келишкен.

19. Актёр, режиссёр Эрмек Таалайбеков менен блогер Бекзада Жолборсова кыздуу болушту. Түгөйлөр 2017-жылы баш кошушкан. Алар наристе күтүп жатканын ачыкташкан болчу. 

20. 26-июнда ырчы Гүлжигит Калыков уулдуу болду. Буга чейин жубайы экөө бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен. «Биз бүгүн үчүнчү жолу ата-эне болдук. Толкундоо сезими биринчи жолкудай эле. Эң башкысы ден соолугу бекем болсун», — деп ырчынын жубайы соцтармактагы баракчасына жазды.

21. Ушул жылы ырчы Илгиз Абдалиев экинчи ирет уулдуу болду. «Сүйүнчү достор, уулдуу болдук. Кудайга шүгүр, күткөн күн келди. Баатыр төрөдү. Салмагы 3 килограмм 980 грамм. Сиздердин жакшы каалоо-тилектер менен аман-эсен уулубузду колубузга, боорубузга алдык. Киндигин да өзүм кестим. Жубайыма чоң рахмат, экинчи ирет уул төрөп берди. Энесине жана балама ден соолук берсин», — деп жазды ал. Түгөйлөр 2019-жылы жылы баш кошушкан. Тун уулу 2021-жылдын 8-май күнү төрөлгөн.

22. Ырчы Арсендин жубайы Бегайым Абышева үчүнчү наристесин 15-сентябрда жарыкка алып келди.  “Бүгүн саат 14:25те көптөн күткөн наристебиз жарыкка келди”, — деп жазды ал. Арсен менен жубайы 2018-жылы баш кошушкан. Алар эки кыздын тарбиялап келишкен.

23. Шоумен Кубаныч Баркалбасов август айында экинчи ирет ата болду.

24. Блогер, актёр Актан Рыскелдиев 3 уулдан кийин кыздуу болду. Жубайы ноябрь айында көз жарды. 

25. Шоумен Дастан Махамадмурзанын жубайы ырчы Хадижа Камалидинова октябрь айында көз жарды. Жаш жубайлар уулдуу болушту. «Сүйүнчү! Уулдуу болдук. Хадижа мен сени сүйөм, бар бол», — деп жазган ал. Блогер Дастан Махамадмурза 2022-жылдын 28-ноябрында сүйүктүүсү Хадижа экөө баш кошуп, той өткөрүшкөн. Ал эми сентябрь айында «гендер пати» уюштурушуп, уулдуу болорун билишкен.

26. Бул жылы Айпери Кулбаева көз жарганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Кудайдын буйругу менен ата-энелерибиздин, жакындарыбыздын, жана эли-журттун батасы менен аман-эсен наристебизди кучагыбызга алып, кубанычыбызда чек жок. Биздин үй-бүлөбүзгө кубаныч тартуулаган, элдин керегине жараган инсан болсун баатырыбыз»,- деп жазды ал.

Ырчы айым буга чейин наристе күтүп жатканын жазып, сүйүнчүлөгөн болчу. «Буйруса 4-наристебизди күтүп жатабыз. Билем азыр ушуну окуган баарыңыздарда «эки эле баласы бар го» деген суроо жаралат. Ооба, 2 балабыз бар шүгүр. Үчүнчүбүз кыз болчу, чарчап калган. Аны дагы энелик мээримим менен курсагымда көтөрдүм, ошон үчүн айта жүрүшүм керек. Ал дагы балам болуп эсептелет. Азыр жашоодо болгондо 5 жашка чыгып калмак Орозгүлүм», — деп жазган ал.

27. Актер, режиссер, сценарист Радик Эшимовдун жубайы 23-ноябрда көз жарды. Түгөйлөр эгиз уулдуу болушту. Эске салсак, алар 2018-жылы баш кошушкан.

28. Азыркынын Барпысы атыккан жаш төкмө акын Эламан Келдибековдун жубайы көз жарган. Түгөйлөр кыздуу болушту.

29. Интернетте “Сүйүүнүн керемети”, “Эзилип бүттүм”, ошондой эле бир топ элдик ырларды кавер аткарып белгилүү болгон Тынысхан менен Элен уулдуу болушту.

30. Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Данияр Жанжигитовдун жубайы Динара Шайылдаева көз жарды. «Кудайдын каалоосу менен үчүнчү ирет ата-эне болдук», — деп жазган ал. Түгөйлөр буга чейин эки кызды тарбиялап келишкен.