2023-жылы үйлөнүп, турмушка чыккан атактуулар

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги 2023-жылы үйлөнүп, турмушка чыккан атактууларды тизмектеди.

1. 25-июль күнү Бишкек шаарында актёр Чыңгыз Максүтов менен блогер Айдина Турдалиеванын үлпөт тою болуп өттү. Таттуу түгөйлөр былтыр актёрлор Кутман Айылчиев менен Океана Урматбектин үлпөт тоюнда таанышканын айтышкан.

2. 22-апрелде Бишкектеги тойканалардын биринде актёр жана сценарист Жаннат Керимбаевдин үйлөнүү тою өттү. Жаннат Керимбаев обончу жана ырчы Асанкалый Керимбаевдин уулу. Ал Кыргызстандын КВН командасында ойноп жүргөн кезинен элге таанылып, соңку жылдары Орусиянын бир катар сериал жана тасмаларынын сценарийин жазып, роль да жаратып келет.

3. 31-мартта казакстандык популярдуу «Бир болайык» телешоу берүүгө катышып, коомчулукка таанылган блогер Арген Асанов Аружан Бекешованын колун сураган. 11-июнь күнү Аружан Бекешованын кыз узатуу тою Казакстандын Талдыкорган шаарында болуп өткөн. Ал эми 2-июлда алардын үлпөт тою өткөн.

4. 17-июнда Алмаз Шаадаевдин сүйүктүүсүнүн кыз узатуу тою өткөн. Ал эми түгөйлөрдүн үлпөт тою 24-июнда болду. «Бүгүн биздин күн. Жакындарыбыздан бата алалы деп турабыз. Жаштар, достор, сейилдөө болбойт, күндүн ысыгында өзүбүздү кыйнабай, түз эле тойдон көрүшөбүз», деген ал.

5. 2023-жылы «Дүрдана», «Эсимде» ырлары менен көпчүлүккө таанылган ырчы Сапар Сопубеков үйлөндү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы менен байланышканыбызда, жубайы экөө кесиптеш экенин айткан. «Келинчегим ОшМУда комуздан сабак берет. Үйлөнүү той  2-августта Кызыл-Кыяда өттү», деген ал.

6. 5-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде ырчы Толгонай Арзыкееванын кыз узатуу тою өттү.  Арзыкеева буга чейин социалдык тармактагы баракчаларынын биринде жигити колун сураганын жазган. Андан кийин курбулары менен “девичник” өткөргөн. Ал эми 24-сентябрда үлпөт той өткөн.

7. 19-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде шоумен, актёр Залкар Касымовдун үйлөнүү тою өттү. Ал август айында сүйүктүүсүнүн колун сураган.

8. Бул жылдын эсебинен ырчы Айар бойдокчулук менен коштошту. Ал сүйүктүүсү Айданага баш кошту. Жаш түгөйлөрдүн үлпөт тою 13-ноябрда Каракол шаарындагы ресторандардын биринде өттү.

9. Бул жылдын эсебинен теле алып баруучу Максат Довранов өзүнүн кесиптешине үйлөндү. Кезинде өзү сүйгөн адамды тапмайынча үйлөнбөйм деп өзүнө сөз берген экен. Айткандай эле ал сөзүндө туруп, жүрөгүнүн ээсин таап, бир канча тоскоолдукка карабай үйлөнүп, бакытка балкып турган чагы.

10. Декабрь айында балбан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы Сыймык Махмудов үйлөнүп, той берди. Буга чейин Махмудовдун сүйүктүүсүнүн колун сураган видеосу тараган. Ал кинотеатрдан кучак толо гүл менен шакек салган. 26 жаштагы Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча чемпион.