Аида Багышбековага бет ачар салты жасалды (видео)

21-октябрда ырчы Аида Багышбекова «Косылайык» берүүсүндө таанышкан Нурдөөлөт Төлөпбергенге турмушка чыкты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Аида Багышбекова турмушка чыкканын айтып, «20-октябрда туулган күндө кечирим сурап келген. Сүйлөшпөйбүз деп ойлогом. Туулган күндөн кийин ушундай болуп кетти» деген.

Нурдөөлөт Төлөпберген эмне үчүн ала качууга барганын түшүндүргөн. «Аида экөөбүз баарын токтотуп, чек арадан өткөм. «Мен сага ишенбейм, мүнөзүбүз дал келбейт, менин көңүлүм калды» деди. Мен макул болуп кеттим. Мен алдын ала бардыгын пландагам. Балдардын баарын чакырдым. Аиданы алдап чыгардым. Ошол менен алып кеттим. Кыздын мени сүйөрүн көзүнөн байкадым. Сөздүн баары мага болгон таарынычынан улам айтылды. Ошонун баарын ала качуу менен бүтүрдүм. Эми жанымда болот, таарынтпайм», — деген ал.

Кечээ, 23-октябрда Нурдөөлөт Төлөпбергендин айылында бет ачар салты өттү. Маалыматтарга караганда, дал ушундай жол менен үйгө жаңы келген келинди кайын-журту менен тааныштырат.