Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашова кызы Мадаленаны турмушка узатты

Бүгүн, 8-июлда актёрлордун үй-бүлөсү, Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашова кызы Мадалена Абдрахманованы турмуш жолуна узатып жатышат.

Той Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде өтүүдө.

1-июнда кызы Мадаленанын жигити актёр, вайнер Нуркул Адылбеков колун сураган. Кубанычтуу кабар тууралуу Альбина Имашова СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кызы 18 жашта экенин, экөө сүйлөшүп жүргөндүгүнө каршы болушпаганын билдирген.