Кечээ, 7-ноябрда алып баруучу, актриса Назира Айтбекова соцтармактагы баракчаларына пост жазып, туулган күнүн ооруканада тосуп жатканын айткан.
«Палатадагы туулган күн! Конокторум — уулум менен апам! 36 жашым, кут кел! “Ушул туулган күнүмдү башкача өткөрбөсөмбү!” деп сайрагам. Кудай берди окшойт тилекти! Эмнеси болсо да жеңилинен берди! Кудайга шүгүр! Жоопкерчиликтен, үстүмө көтөргөн жүктөн думчугуп кеттим окшойт. “Бир аз эс ал! Өзүңдү ойло!” деди окшойт ден соолук. 36 жаш — керемет, бышып турган , гүлдөп турган кез да! Жашашым керек! Жыргашым керек! Жаштыгымды өткөргүм келип атат! 36 жыл мени көп нерсеге көзүмдү ачты, тарбиялады, бышырды, жетилтти, өстүрдү! Ыраазымын абдан! Ата-энеме таң атпай ыраазычылык кат жаздым! Ырас эле мени төрөшүптүр, ырас эле эң мыкты сапаттарын мага беришиптир! Ырас эле мени өстүрүп, билим беришиптир! Жаратканга шүгүр! Миң мертебе шүгүр! Бактылуумун! Ыраазымын!» — деп жазды.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Айтбекованын учурдагы абалын билүү үчүн өзү менен байланышты.
«Жакшы болуп калдым. Балачагыман аллергиялык бронхиалык астма менен жабыркайм. Акыркы төрт жыл катуу ооруп, гормон менен жүргөм. Жатаарда энтигем, турганда кыйналам. Анан жумушка алаксып, такыр өзүмдү карабай койдум. Күнү-түнү суук жерде, тоо-ташта съемкада жүрдүм. Мен иштебесем, чуркабасам, оорудум деп жатып алсам, баламды ким багат? Анан өтүшүп кетти окшойт. Температура түшпөй, энтигип, аба жетпей, жатып калдым. Аз жерден аркы жакта “Хит парад” алып барып кала жаздадым. Досторум унаа менен алып кетишип, палатага жайгаштырышты. Жайыма койсо, антигриппинден ичип коюп жата бермекмин үйдө. Бала чагыман бери оорукана кыдыра берип, такыр көрүнгүм келбейт. Көңүлгө тийсе керек. Туулган күнүм палатада өттү анан. Апам, уулум, досторум келип, куттуктап кетип атышты. Быйыл мүчөлүү жылым. Уулумдун да мүчөлүү жылы. Жан дүйнөмдө сонун сезим эмнегедир. Мүчөлүү жылымдан жакшы кабарларды күтүп атам. Жашоомо өзгөрүү кирчүдөй сезим. Чамгарактап “съемка”, жумуш, иш деп чуркагым келбей калды. Жан дүйнөм тынчтыкты, сүйүүнү, өзүмө көңүл бөлүүнү самап турат! Апам “Баланы мен карайм. Өзүңдү кара!” деп атат. Жоопкерчилик, түйшүк, жүк үстүмө үйүлүп алып, дем бербей аткандай сезим жаралып атат. Арылгым келип атат. Санаторийлерге , саякаттарга барып, жашоонун жыргалын татып, эч жакка шашпай жыргап жашагым келип жатат», — деди ал.