Тагыраагы, жакында эле маалымат каражаттарынын бирине санариптештирүү боюнча маек берип жатып, эл өкүлдөрүнүн айлык маянасы тууралуу да суроого учкай жооп бергенин айткан төрага: «Бирок аталган маселе боюнча коомчулукка бир аз туура эмес маалымат кетип калыптыр. Колумда турган документтерге таянып ачык айта турган болсом, депутаттардын маянасы 58 миң 432 сом. Андан сырткары, депутаттын фонду үчүн 80 миң сом берилет. Бирок ошол фонд унааларды оңдоого, күйүүчү майына, айдоочунун айлык акысына жумшалып, ал тургай жарандардан келген кайрылууларга ылайык да сарпталат. Ошондой эле биз аймактарга барабыз. Азыр самолеттун эле жол киреси 10 миң сомдой болууда. Натыйжада 80 миң сом да жетпей калган учурлар кездешет», – деди.
Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....








