«Бир болайык» берүүсүнөн табышкан Арген Асанов менен Аружан Бекешова бал айын Вьетнамда өткөрүп жатышат

Казакстандагы популярдуу «Бир болайык» теле-шоусу аркылуу таанышып, баш кошкон Арген Асанов менен сүйүктүүсү Аружан Бекешова бал айын өткөрүү үчүн чет өлкөгө учуп кетишти.

«Биздин бал айыбыз Вьетнамда башталды»,— деп жазды Аружан. 

Алар учурда өзүнүн катталуучуларын кызыктуу видеолор менен кубандырып жаткан чагы.

31-мартта казакстандык популярдуу «Бир болайык» телешоу берүүгө катышып, коомчулукка таанылган кыргызстандык блогер Арген Асанов Аружан Бекешованын колун сураган. 11-июнь күнү Аружан Бекешованын кыз узатуу тою Казакстандын Талдыкорган шаарында болуп өткөн. Ал эми  2-июль күнү Жалал-Абадда алардын үлпөт тою өттү.