Кечээ, 2-июль күнү Жалал-Абадда «Бир болайык» шоу программасынан табышкан Арген Асанов менен сүйүктүүсү Аружан Бекешованын үлпөт тою болуп өттү.
31-мартта казакстандык популярдуу «Бир болайык» телешоу берүүгө катышып, коомчулукка таанылган кыргызстандык блогер Арген Асанов Аружан Бекешованын колун сураган. 11-июнь күнү Аружан Бекешованын кыз узатуу тою Казакстандын Талдыкорган шаарында болуп өткөн.