Бишкекте актёр Нуркул Адылбеков менен Мадалена Абдрахманованын үйлөнүү тою өтүүдө (видео)

Бүгүн, 11-июль күнү Бишкектеги тойканалардын биринде актёр, вайнер Нуркул Адылбеков менен актриса Мадалена Абдрахманованын үйлөнүү тою өтүүдө. Тойдун ачылышында Арнис Кыдырмышев кызын залга алып кирип, күйөө баласына тапшырды. Той эки жаштын туугандары, жакындары, кесиптештеринин курчоосунда өтүүдө.

1-июнь күнү Нуркул Адылбеков сүйүктүүсү Мадаленанын колун сураган. 8-июль күнү актёр Арнис Кыдырмышев менен жубайы, кесиптеши Альбина Имашова тун кызын турмушка узатышкан.

Чыгармачыл түгөйлөрдүн үлпөт тоюнан кызыктуу репортажды SUPERTV каналынан бир нече сааттардан кийин көрө аласыздар.