“Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы кыргыз журтчулугунун жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү акын, дасыккан котормочу, маркум Түмөнбай Байзаковго, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, мүлдө кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевге да ыйгарылган. Бул чечимдерибиздин расмий жөрөлгөсүн бүгүн жасаганы турабыз». Бул тууралуу өлкө башчысы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып айтты.
Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт
Маданият кызматкерлеринин айлыгы апрель айынан тарта 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары...








