Кыргыз музыкасынын көрүнүктүү өкүлү Бабаравшан Тургунбаев каза болду
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги белгилүү обончу, аткаруучу, композитор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бабаравшан Тургунбаевдин 15-сентябрда 73 жаш курагында дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Бабаравшан Тургунбаев кыргыз музыка искусствосуна зор салым кошкон таланттуу обончу жана аткаруучу катары таанылып, жарым кылымдан ашуун чыгармачылык өмүрүн улуттук маданиятты өнүктүрүүгө арнаган. Ал «Махабат», «Унутпайм», «Түнкү серенада», «Туулган жер» сыяктуу көптөгөн обондорду жаратып, кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Маркумдун Лейлек районунун жана жалпы түштүк аймактын маданий турмушун өнүктүрүүгө кошкон салымы өзгөчө. Ал чыгармачылык ишмердиги менен улуттук музыкалык мурасты сактоого, өнүктүрүүгө жана кийинки муундарга өткөрүп берүүгө зор салым кошкон. Бабаравшан Тургунбаев өмүрүнүн акырына чейин Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында эмгектенип, кыргыз музыка искусствосунун өнүгүшүнө кызмат кылды.