Манасчы Рысбай Исаков 6 күндүн ичинде 130 саатты чамалап токтоду. Бул тууралуу анын шакирти Нурбек Талантбеков билдирди.
«Эми бекем ден-соолук каалайбыз. Кандай оор болгонун айтпай кетүү мүмкүн эмес. Жалпы эл-журт айткандай эми Гиннесc маселеси кийинки биздин муундагы манасчылардын арасында болбойт деген ойдомун. Антпесе улам ашам деп жатып майдаланып кетебиз», — деп жазды ал.