Күндүн сүрөтү. «Евровидение-2021» ыр сынагынын жеңүүчүсү маалымат жыйынга жарым жылаңач келди

«Евровидение-2021» ыр сынагынын жеңүүчүсү болгон италиялык «Maneskin» рок-тобунун өкүлдөрү бүгүн, 23-майда маалымат жыйын беришти. Аталган топтун вокалисти Дамиано Давид журналисттердин бир катар суроолоруна да жооп берди. Ал буга чейин түз эфир учурунда баңгизатын колдонууга шектелип жаткан эле. «Мен баңгизатын колдонбойм. Мындай деп айтпагыла. Эч кандай кокаин колдонбойм», — деди ырчы.


«Maneskin» рок-тобу 2015-жылы негизделген жана ал үч жигит жана бир кыздан турат. Топтун аталышы «ай жарыгы» дегенди түшүндүрөт. «Евровидение-2021» сынагында аткарган «Zitti e buoni» деген ыры менен буга чейин «Сан Ремо-2021» сынагын да утуп алышкан.