Кечээ, 22-майда «Евровидение-2021» сынагы жыйынтыкталып, анда Италиядан келген «Maneskin» рок-тобу жеңүүчү аталды. Сынак Нидерланддардын Роттердам шаарында өттү.
Аталган рок-топтун жеңүүчү болорун букмекерлер да божомол кылып жатышкан эле. Сынактын 65 жылдык тарыхында Италия үчүнчү жолу жеңүүчү болду. Буга чейин 1965-жылы жана 1991-жылы аталган өлкө бул ыр сынагын уткан болчу.
Экинчи орунду Швейцария, үчүнчү орунда Франция алды. Ал эми Орусиянын атынан чыккан ырчы Манижа 9-орунду ээлеп, алдыңкы ондукка кирди.