«Таңкы 5те туруп эшик шыпырам». Кыргызга келин болгон Аружандын келиндик доору башталды (видео)

Казакстандын «Бир болайык» шоу берүүсү аркылуу кыргызстандык блогер Арген Асанов менен табышып, ага баш кошкон Аружан Бекешева келиндик доорун чагылдырган кызыктуу видеолору менен бөлүшүүдө. Жалал-Абад облусуна келин болгон Аружан таңкы саат 5те туруп көчөлөргө суу чачып, шыпырганын, үй оокаттарын кызыгуу менен аткарып жаткандыгын чагылдырууда.

Эске салсак, Арген Асановдун сүйүктүүсү Аружан Бекешованын кыз узатуу тою 11-июнь күнү Казакстандын Талдыкорган шаарында болуп өткөн.