Ырчылар Адилет Эркин менен Илима Дүйшөналиева уулдуу болду. Учурда социалдык тармак аркылуу алардын чыгармачылыктагы жакындары куттуктап, жылуу сөздөрүн жазышууда.
Адилет Эркиндин айтымында, жубайы кечээ, 19-мартта көз жарып, уул төрөгөн. Учурда эне-баланын абалы жакшы.
«Куттуктоолор көп болуп жатат. Баарына рахмат. Буюрса эне-баланын абалы жакшы», — дейт ал.
Айта кетсек, ырчылардын буга чейинки уулу Арслан 2018-жылдын 23-мартында төрөлгөн.