№1 гимназия-интернаттын мугалими: «Окуучулардын митингге чыкканына биздин тиешебиз жок»

17-апрелде Бишкек шаарындагы №1 гимназия-интернатынын окуучулары жана мугалимдери митингге чыгышкан. SUPERTV телеканалы аталган билим уясына барып, митингдин чоо-жайын сураштырдык. Коомчулуктун көңүлүн бурган окуядан саналуу күндөр мурда мектепке президент барганы да маалым болду.

«Окуучулардын митингге чыкканына биздин тиешебиз жок. Ал учурда мугалимдер мектеп ичинде чогулушта болчубуз. Билим берүү башкармалыгы чогулуш өтүп жаткан. Сабактын убагы өтүп кетен, чыксак чогулуп калышыптыр. Окуучулардын талабы кетип жаткан мугалимдерди коргоо болчу. Биз ал балдар менен канча жылдан бери иштешип келебиз. Биз аларга мугалим эле эмес, ата-эне дагыбыз. Жаңы мугалимдер берсе, кандай болот? Алдыда экзамендери бар. Мугалимдердин бул митингге эч тиешеси жок», — деди мугалим.

Өз кезегинде ата-энелер да балдарынын митингге чыкканына тиешеси жок экенин айтышты.