«Ош шаарынын чок ортосунда СИЗО жайгашкан эски имарат бар. Тарыхый имарат. Алымбек датканын уулу Камчыбек 1890-жылдардын башында кербен сарай катары салдырган. Тагдырдын оюнун караңыз, оторчулар имаратты түрмөгө айлантып, Камчыбек өзү дал ушул жерде түрмөдө отурган. Ал жөнүндө түрдүү аңыздар айтылып келет.
Кудай жалгап, СИЗО башка жакка көчүрүлгөнү жатат. Ош менен Баткенди кыдыруу маалында Ош калаасынын мэри Жанар Акаев менен жолугуп, Камчыбектин үйүн тарыхый эстелик катары сактап, музейге айлантуу идеясын сунуштадык. Жанар мырзанын Ошту өнүктүрүү боюнча чоң-чоң пландары бар, Камчыбектин үйүн музейге айландыруу ошол пландарга бап келет экен. Буюрса!» — деп жазылат билдирүүдө.