№13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоо 1-мартта өтөт

№13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоо БШКнын токтому менен 2026-жылдын 1-мартына дайындалды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өткөн. Өлкө 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланган.

3-декабрда БШК массалык мыйзам бузууларга байланыштуу №13 округдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.