№19 түзөтүү абагына жаңы жетекчи дайындалды

Марс Жусупбеков Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү абагынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта АКИpress агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып билдирди.

Ал 2021-жылдын 4-мартынан бери СИЗО-1 мекемесин жетектеп келген. Бул мекемени №19 түзөтүү абагынын башчысы болуп эмгектенип жаткан Нурдин Турусбеков жетектейт.

Марс Жусупбеков 2013-жылы СИЗО-1 мекемесин башкарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалган. 2019-жылы жаңы жагдайларга байланыштуу иш кайрадан каралып, Жусупбеков толугу менен акталгандан кийин кызматына кайткан.