Шейшемби, 28.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Аймактардан келген унаалардан төлөм алуу да планда бар». Бишкек мэри чектөөлөр боюнча үн катты

14:57 26.07.2024
0
«Аймактардан келген унаалардан төлөм алуу да планда бар». Бишкек мэри чектөөлөр боюнча үн катты

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев «Кабар» агенттигине унаа кыймылына чектөө киргизүү тууралуу чаралар боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, мэрия борбор калаада транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Эми документ 20-августка чейин коомдук талкууда турат. Андан соң, коомчулуктун сунуш-пикирлери эске алынып, тиешелүү министрлик жана ведомстволордо, Министрлер кабинетинде каралат.

“Мунун баары мыйзам чегинде каралып чыгат. Бул маселе жабык эшик артында каралып эле, кандайдыр бир чечимдер кабыл алынбайт. Мында бардык сунуш-пикирлер эске алынат”, — деди ал.

Айбек Жунушалиев республикалык маанидеги шаарлардагы жол тыгыны көйгөйүн чечүү үчүн мамлекеттик номерлердин акыркы сандарына жараша чектөөлөрдү киргизүүнү камтыган радикалдуу чараларды көрүү зарыл деп эсептейт. Бул чектөөлөр ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын саат 7:00дөн 21:00гө чейин иш күндөрү колдонулат деп болжолдонууда. Анын айтымында, бул иш-чаралардын кабыл алынышы менен шаардын жолдорундагы тыгындар кыйла азаят.

«Башкача айтканда, республикалык маанидеги шаарлардын жолдорунда жумасына бир жолу гана унаалардын кыймылы чектелет. Бирок бул чектөө атайын жана коомдук унааларга жайылтылбайт. Автоунаалардын номурлары боюнча чектөө практикасы 20дан ашык өлкөлөрдө колдонулат, анын ичинде Нью-Дели, Афина, Тегеран, Улан-Батор, Мадрид, Лондон жана башка шаарлар бар.

Ошондой эле Бишкекке башка аймактардан келген унаалардан төлөм алуу да пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууда турат. Ага ылайык, унаанын түрүнө, салмагына жана мамлекеттик номерине жараша белгилүү баалар коюлат. Бишкек шаарынын мэри бул чаралар шаар ичине кирген унаалардын санын кыскартып, жарандардын коомдук транспортто жүрүүсүн шарттайт деп белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Эгер долбоор жактырылса, айдоочулар унаалардын башка шаарда катталганына жана чет өлкөлүк номурлуу транспорт каражаттарына жараша төлөм төлөйт:

  • Сегиз орундан ашпаган транспорт каражаттары: башка шаарлаарда катталган болсо 50 сом, чет өлкөлүк унаага 200 сом;
  • 8ден ашык оруну бар, 5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары 100/1000 сом;
  • 3,5 тоннадан ашпаган тракторлор, жүк ташуучу унаалар 100/1000 сом;
  • 8ден ашык оруну бар 5 тоннадан ашкан транспорт каражаттары 150/1500 сом;
  • 12 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары 150/1500 сом;
  • 12 тоннадан ашкан транспорт каражаттары 250/ 3000 сом;
  • чиркегичтер, тракторлор, комбайндар 300/5000 сом.

Документте айтылгандай, жыйымды алуу үчүн атайын төлөө пункту же автоматташтырылган жыйымды төлөө системасы уюштурулат. Акча каражаты ККМди колдонуу менен накталай/электрондук акча, банктык төлөм картасы жана башка төлөм инструменттери аркылуу улуттук валютада кабыл алынат. Жыйымды төлөөчү 100 миң сом төлөгөн учурда автотранспорт каражаттарынын категорияларына жараша 30 пайыздык жеңилдик берилет.

Жыйымды төлөөдөн өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан жактарга жүк жеткирген унаалар, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин, патрулдук, өрт өчүрүү, медициналык тез жардам кызматтарынын унаалары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, Улуттук банктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын транспорт каражаттары бошотулат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

184 миңге чукул билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

184 миңге чукул билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:16 27.04.2026
0

Президенттин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 Жарлыгынын негизинде билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу ишке ашырылды. Жалпысынан билим берүү системасында 183...

Министрлик электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар боюнча түшүндүрмө берди

Министрлик электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар боюнча түшүндүрмө берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:13 27.04.2026
0

Энергетика министрлиги «Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетикасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул...

Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды

Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:17 27.04.2026
0

Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталган Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды. Чечим Кыргыз...

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:30 25.04.2026
8

Тамчы айылында жайгашкан «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясына кум жана топурак төгүлүп жаткандыгы...

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 24.04.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

15:14 27.04.2026
Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

14:54 27.04.2026
Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

14:26 27.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү