Кыйноолордун алдын алуу борборунун ишеним телефонуна №27 мекемеде жазасын өтөп жаткан адамдардын жакындарынан билдирүү түшкөн. Алардын айтымында, кармалгандар ур-токмокко алынып, суу берилбей жана сырттан келген адам менен көрүшүүгө жана тамак-аш, кийим-кече берүүгө дагы тыюу салынган.
7-апрелде камераларда тыюу салынган буюмдарды тинтүү максатында текшерүү жүргөн. Каршылык көрсөткөн 42 соттолуучу айып изоляторуна киргизилгенин колониянын администрациясы билдирген.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор соттолгондордон эч ким арыз жазбаганын билдирди.