Бейшемби, 16.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

УКМКнын мурдагы төрагасы: “30 жыл Кыргызстанды көз каранды кылып келген паспорттук мафия жеңилди”

16:15 30.03.2026
0
Садыр Жапаров сом Кыргызстанда басылып чыга баштаганын билдирди

«Улуттук валютабыз тарыхта алгачкы жолу өзүбүздө басыла баштаганы тууралуу кабарды чоң канааттануу менен кабыл алдым. Мындан үч жыл мурда өзүбүздүн улуттук паспортторубуз чыгарыла баштаган эле. Бул жөн гана өндүрүштүк жетишкендик эмес – бул мамлекеттин чыныгы саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын бекемдеген, улуттук коопсуздукту камсыз кылган стратегиялык чечим». Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы, Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекеттик маанидеги документтерди жана баалуу кагаздарды (банкнот, паспорт, акциз марка жана башка корголгон продукцияларды) өлкө ичинде чыгаруу демилгеси Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери ар кандай деңгээлде көтөрүлүп келген.

«2014-жылы мен Өкмөттө иштеп жаткан атайын жумушчу топтун курамында бул маселени ар тараптуу изилдөөгө катышкам. Тилекке каршы, узак жылдар бою “паспорттук мафиянын” таасири өтө күчтүү болуп, бул багыттагы аракеттер ар кандай шылтоолор менен токтотулуп келген. Мурдагы өлкө жетекчилеринин саясий эрки жетишсиз болуп, мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул чечим ишке ашпай келген. Натыйжада паспорттор, улуттук сомубуз жана башка маанилүү документтер чет өлкөлөрдө басылып, мамлекеттик бюджеттен ири каражаттар сыртка агып келген. Ал тургай кыргыз паспорту КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң кымбат паспорттордун бири болуп калган», — деп жазылат элчинин билдирүүсүндө.

УКМКнын мурдагы төрагасынын баамында коомчулукка “кыргыздар мындай жоопкерчиликтүү өндүрүштү өздөштүрө албайт”, “чакан өлкөгө мындай ишкананын кереги жок” деген пикирлер атайылап таңууланып келген.

«Чындыгында бул жүйөлөр улуттук кызыкчылыкты эмес, тар чөйрөнүн жеке кызыкчылыгын коргоого багытталган. Мен УКМКны жетектеп турган мезгилде банкнотторду жана корголгон документтерди Кыргызстанда чыгаруу боюнча иштерди жандандыруу аракеттери көрүлгөн. Дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүшчүлөрдүн катарына кирген швейцариялык KBA-NotaSys компаниясынын технологиялык линияларын лизингге алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок айрым жетекчилер, анын ичинде Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова бул демилгеге каршы позицияны карманышкан.

Кийинчерээк паспорт басуу боюнча кезектеги тендерде литва компаниясы Кыргызстан үчүн жагымсыз шарттарда жеңишке жеткени боюнча кылмыш иши козголгондо, Алина Шаикова жоопкерчиликтен качуу максатында KBA-NotaSys компаниясын тендерге кызыкдар болгон деген негизсиз жалааны мага жапкан. Чындыгында аталган компания паспорт чыгарбайт – паспорт чыгарууга арналган технологиялык жабдыктарды гана өндүрөт. Тергөө ачык жана объективдүү өтүшү үчүн мен кызматтан өз ыктыярым менен кеткем. “Паспорт мафиясынын” таасири ушунчалык күчтүү болгондуктан, УКМК төрагасын да кызматтан алып коюуга кудурети жеткен.

Тилекке каршы, мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков мезгилинде бул стратегиялык маселе чечилбей келген. Натыйжада мамлекеттик документтер жана валюталар ортомчулар аркылуу чет өлкөлөрдө бастырылып, миллиондогон каражаттар мамлекеттен сыртка чыгарылып турган. Бүгүн абал түп тамырынан өзгөрдү. Кыргызстан мамлекеттик документтерди жана улуттук валютаны өз аймагында чыгара турган мүмкүнчүлүккө жетти. Мындан ары биз ички муктаждыкты толук камсыз кылуу менен бирге башка мамлекеттердин да буйрутмаларын аткарууга жөндөмдүү болобуз. Бул – экономикалык пайда гана эмес, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана эл аралык аброюн бекемдеген чечим. Бул чыныгы тарыхый бурулуш!

Мындай чечимдер өлкөнүн реалдуу көз карандысыздыгын бекемдеп, бюджетке кошумча киреше алып келет жана Кыргызстандын эл аралык позициясын чыңдайт. Бул стратегиялык чечимди ишке ашырууда саясий эрк көрсөткөнү үчүн президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровго жана анын командасына ыраазычылык билдирем. Мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылган мындай иштер мындан ары да ырааттуу уланат деп ишенем», — деп жазылат билдирүүдө.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
1

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:40 15.04.2026
0

Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча завуч кармалды

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча директорго катуу сөгүш берилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 15.04.2026
0

Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык...

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:32 15.04.2026
0

13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне»...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

14:48 15.04.2026
Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: "Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген"

15:55 15.04.2026
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

11:04 15.04.2026
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

1
Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

09:52 16.04.2026
Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

09:43 16.04.2026
Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

16:17 15.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү