№31 мектепте каза болгон окуучу кыз. Күбөлөр суралып жатат

Бишкектеги №31 мектептеги окуучунун өлүмү боюнча экспертиза дайындалды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламенттин 17-апрелдеги жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, милиция окуяга күбө болгон мектеп окуучуларын жана мугалимдерди суракка алууда. Ал эске салгандай, каргаша 15-апрелде саат 17:35те болгон.

Бишкектеги №31 мектепте 7-класстын эки окуучусу уруша кетип, 2011-жылы туулган окуучу бала 2010-жылы туулган кыздын денесине залал келтиргенин билдирген. Кыз ошол жерде эсин жоготкон. Маркумдун сөөгү кечээ, 16-апрелде жерге берилди.