Бишкектеги №31 мектепте 7-класстын эки окуучусу уруша кетип, 2011-жылы туулган окуучу бала 2010-жылы туулган кыздын денесине залал келтиргенин билдирген. Кыз ошол жерде эсин жоготкон. Маркумдун сөөгү кечээ, 16-апрелде жерге берилди. SEREPTV маркумдун жакын тууганы менен сүйлөшүп, окуянын чоо-жайын билди.
«Арууке үй-бүлөдөгү 3 бир туугандын эң улуусу болчу. Өтө жоош, бирөөгө жамандык каалабаган кыз эле. Апасы мугалим, атасы кирпич заводдо иштейт. Мындай окуя кайра кайталанбашы керек. Баланын күнөөсү болсо, жазасын алсын. Эгер бул окуя көз жаздымда калса, кайра кайталат. Күнөөлүүлөр жазасын алсын»,- деди кыздын атасынын бир тууганы Топчубек Тагаев.