Бишкектеги №31 мектепте 7-класстын эки окуучусу уруша кетип, 2011-жылы туулган окуучу бала 2010-жылы туулган кыздын денесине залал келтиргенин билдирген. Кыз ошол жерде эсин жоготкон. Маркумдун сөөгү кечээ, 16-апрелде жерге берилди. SEREPTV маркумдун жакын тууганы менен сүйлөшүп, окуянын чоо-жайын билди.
«Мага иним телефон чалып, «келбесеңиз болбой калды, кызым каза болуп калыптыр» деди. Эмне болгонун билбей эле түнү менен жол жүрүп, эртең менен келип калдык. Экспертиза кылышты. Жүрөккө катуу сокку болгон деп айтышты. Соккудан жүрөгү токтоп калган деп чыгарып беришиптир. Кызыбыздын мурда-кийин жүрөгү ооручу эмес. Сабактарын жакшы окучу. Алдыңкы окуучу болчу.
Арууке үй-бүлөдөгү 3 бир туугандын эң улуусу болчу. Өтө жоош, бирөөгө жамандык каалабаган кыз эле. Апасы мугалим, атасы кирпич заводдо иштейт. Мындай окуя кайра кайталанбашы керек«,- деди кыздын атасынын бир тууганы Топчубек Тагаев.