Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдүн агымы, көчө-жол тармагы жана техникалык шарттар эске алынып, №61 автобустун жүрүү схемасы жаңыртылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жаңы схема негизги райондорду түз жана ылдамыраак байланышты камсыз кылып, жолдо жүрүү убактысын кыскартат жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатат.
Бул чара шаардагы маршруттук тармакты оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынды.