Бишкекте автобустун жол кырсыкка кабылышы. Ооруканада 4 адам дарыланып жатат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 29-октябрда Чыңгыз Айтматов проспектисинде болгон №8 автобустун катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркагандарга барды.

Мэриядан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 12 адам Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кайрылып, алардын ичинен төртөө ооруканага жаткырылган. Жеңил жаракат алган 8 адам амбулатордук дарыланууга үйүнө жөнөтүлгөн. Дарыланып жаткан 4 шаар тургунуна мэриянын резервдик фондунан материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин негизинде катталган. Жабыркаган жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Мындан тышкары, бул окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн соттук-автотехникалык экспертиза дайындалып, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын эксперттерине тапшырылды.