Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен 10 бала Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына алып келинген. Бейтапкананын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдиргендей, учурда балдардын абалы туруктуу, 4 бала жандандыруу бөлүмүндө, калгандары сынык-жарат бөлүмүндө дарыланууда. Бир күндөн соң жандандыруу бөлүмүндөгү балдар жалпы палатага которула баштайт.
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды....









