Күн качан кайра жылыйт? Синоптиктердин божомолу

Өлкөдө туруксуз аба ырайы 29-мартка чейин сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Синоптиктердин айтымында, 25-марттан тартып абанын температурасы 8-13 градустан 15-20 градуска чейин жылыйт. 27-28-март күндөрү кайра суук болуп, абанын температурасы 4-9 градуска чейин түшөт. 30-марттан ары күндүн жылый башташы күтүлөт, анда абанын температурасы 15 градустан жогору жылуу болот.