«Спорттук федерациялар» президенттин командасын утуп, 400 миң сом жеңишти

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров баштаган футбол боюнча «Мурас» салттуу беттешинин экинчи күнү. Анда турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталат.

Финалга чыккан президенттин командасы «Спорттук федерациялар» менен беттешти. 1-таймдын 4-мүнөтүндө эсеп сандары ачылды. Ал эми 11-мүнөттө «Спорттук федерациялар» командасы да гол киргизди. 15-мүнөттө «Спорттук федерациялар» алдыга чыкты. 1-тайм 1:2 эсебинде жыйынтыкталды.

2-таймдын 2-мүнөтүндө эсеп сандары 1:3 болду. Ал эми 3-мүнөттө дагы бир гол жаратып, президенттин командасы эсеп санын 2:3 кылды. Андан соң эсеп сандар теңелди. 8-мүнөттө кайрадан «Спорттук федерациялар» командасы алдыга чыкты. Ошентип 2-таймда эсеп сандар 3:4 менен оюн жыйынтыкталды.

Андан соң, сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жеңишти сатып алуу мүмкүн эмес экенин айтты. Турнирдин жеңүүчүсү болгон «Спорттук федерациялар» командасына 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.